Стюардесса учактан кулады

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 11:40

Кытайдын “Xiamen Air” аба компаниясынын стюардессасы эл аралык Чжэнчжоу аэропортунда учактан кулап түштү.

Стюардесса авиатрап менен лайнердин ортосуна кулап кеткен. Ал учурда стюардесса жүргүнчүлөргө арналган тамакты кабыл алып жаткан. Омурткасын сындырган кызга дароо операция жасалган. Бирок ал ошондо да өз кызматына кайрылып келип иштей албайт. Кыз болжолдуу түрдө 3 метр бийиктиктен кулаган. Азыр окуя териштирилип жатат.

blob:https://videomanager.ollcdn.net/8fd89407-1a5d-40d7...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!