Киттер кайрадан кургакка cүрүлдү

Киттер кайрадан кургакка cүрүлдү
15-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:12

Индонезияда Аче аймагында кургакка чыккан 10 киттин төртөөнү сактай алышкан жок.

Ужонг Каренг жээгине чыккан суу жаныбарларын куткарууга аймактын эли жардам кылды. Алардын бешөөнү кайыктар менен сууларга тартырып, сактоого жетишти.

Жетекчилер киттердин өлүмүнүн себебин аныктоо максатында союп, изилдөөнү чечти.

17 миңден ашык аралдардан турган Индонезияда жыл сайын ондогон деңиз жандыктары кургакка сүрүлүп чыгат.

Өткөн жылы Ява жээктерине чыккан 30 киттин жыйырмасы куткарылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!