Польша инвесторлорду кантип тартат?

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 13:19

Акыркы жылдары Варшавада аянты беш миллион чарчы метрлик кеңселер көбөйдү.

Польшанын борбору чыныгы курулуш мезгилин башынан өткөрүп жаткандыктан Варшавада бийик имараттарды көрүү дээрлик көнүмүшкө айланды.

Мисалы “Echo Investment” компаниясы тарабынан бетон, болот жана айнектерден көп кабаттуу кеңселер курулуп жатканы белгилүү.

“Биз имараттарды куруп жаткан жокпуз. Биз эми жолугушуучу жайларды даярдап жатабыз. Бул Польшадагы кыймылсыз мүлктөрдүн бардык тармагына таасир этет”,-деген “euronews” маалымат телеканалына берген маегинде “Echo Investment” компаниясынын башкаруучу директору Миколай Мартюшко. “Менимче инвесторлор Варшавага бул жакта мүмкүнчүлүктөр көп болгон үчүн келишет. Бул үчүн макроэкономикалык жана каржылык факторлор бар. Бир мезгилде бир нече мүмкүнчүлктөр Европанын башка жерлеринде жок”,-деген ал.

Варшавада курулушка жети жүз элүү миң чарчы метр аянт берилген. Бул жактардын жарымынан көбүнө асман тиреген имараттар курулат.

Алардын бири “Varso Tower” Европа биримдигиндеги эң бийик имарат болот. Анын словакиялык “HB Reavis” компаниясы куруп баштаган жана 2020-жылга чейин аяктоону пландаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!