​Уурдалган эшектер ээлерине кайтарылды

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 16:52

Ош шаарында уурдалган эшектер ээлерине кайтарылып берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Алардын билдирген маалыматы боюнча, Ош шаарында эшек уурдоого шектелип Жапалак айылынын 18 жаштагы жана 17 жаштагы аттуу тургундары кармалган. Алар октябрь-ноябрь айларында тааныш коңшуларынын эшектерин уурдап, андан соң аларды кытайларга сатып жүрүшкөн. Эки айдын ичинде 8 эшек уурдап, ар бирин 8 миң сомдон өткөрүшкөн.

Жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтыгында кытайлык ишкананын аймагында жүргөн эшектерди кожоюндары таанышкан. Ал эми уурдалган эшектерди сатып алган кытайлык ишкерлер жаныбарларды өз кожоюндарына кайтарып берген.

Аталган факты боюнча кылмыш иш козголу, кармалгандар үй камагына алынган. Иликтөө жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!