Көчөгө ташталган ымыркай кыз табылды

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:10

Токмок шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү болжол менен кечки саат 17:00 чамасында Токмок шаарындагы чиркөөнүн жанынан ымыркай кыз табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери, дарыгерлер барган.

Табылган кыздын абалы жакшы жана анын салмагы 3 кг 400 грамм болгон. Учурда кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ал эми наристе кыздын ата-энеси изделүүдө.

Эскерте кетсек, 14-ноябрь күнү кечки саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Амир-Темур кичи районундагы бала бакчанын жанына ташталган жаңы төрөлгөн ымыркайды жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Ымыркай жаш балдардын кийимине оролуп көчөгө ташталган.

Тургундардын чакыруусу менен барган милиция кызматкерлери баланын жаңы эле төрөлгөнүн аныкташкан. Ошондой эле көчөдөн табылган ымыркай Ош шаардык төрөт үйүнө жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу жана табылган кыздын салмагы 3 кг 270 грамм болгон. Ал эми кыздын энесин табуу боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!