Путин: Сирияда согуш аяктады

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:24

Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсүндө Сириянын президенти Башар Асад саясий жолдор менен көйгөйдү чечүүнү каалагандар үчүн диалогго даяр экендигин айтты. Ал эми Владимир Путин Сирия боюнча Катар эмири, АКШнын президенти жана аймактык лидерлер менен сүйлөшүүнү ойлонуп жатканын белгиледи.

Кремлдин маалымдаганына караганда Путин Сирияда террорчулук менен күрөш аяктаганын айтты. Ошондой эле өлкө башчылары Сирия конгрессин өткөрүү жагын талкуулады.

Президенттер 20-ноябрда Россиянын Сочи шаарында жолугушту.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!