Капастан качкан жырткыч эки адамды жара тартты

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:05

Кытайдын түндүгүндө көчөдө көрсөтүлүп жаткан оюн учурунда тордон качкан жолборс эки адамды жарадар кылганын “China Daily” гезити жазды.

Окуя өткөн ишембиде Шаньси провинциясында болгон. Жарыяланган видео кадрлардан цирктен келгендер көчөдө оюн көрсөтүп жатканда жолборс капастан чыгып, тегеректеп турган көрүүчүлөрдү көздөй кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, цирктин кызматкерлери кайрада капаска кайтарганча жырткыч бир чоң адамды жана баланы жарадар кылган. Басылманын маалыматына караганда жолборс оюн учурунда бир нерсеге ачууланып, тордон чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!