Өзөктүк кол салуудан коргонуу чаралары башталды

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:54

Гавайи аралдарына декабрдын башталышында өзөктүк жардыруу коркунучун эскерткен белги берилет. Башкача айтканда Муздак согуштан бери сирена биринчи ирет жандырылганы турат. Бул чара АКШ менен Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) ортосундагы чыңалган мамилелерге байланыштуу экенин Американын маалымат каражаттары жазды.

Сирена декабрдан баштап ар бир айда жандырылат. Архипелагдын тургундарына өзөктүк курал менен кол салууну эскерткен белги негизинен цунами же бороон учурунда берилген. Бул ирет ай сайын машыгуу максатын көздөйт.

Гавайинин Өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттигинин жетекчиси Верна Миягинин айтымында Пхенья тараптын Гавайиге кол салуу ыктымалдыгы төмөн. Бирок коркунуч дале бар.

АКШнын расмий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда ракета КЭДРден Гавайиге 20 мүнөттө жетет. Андай болсо бийликке анын траекториясын тактоого 5 мүнөт керектелет. Ал эми тургундарга эскертүү берүүгө 15 мүнөт убакыт калат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!