Ураган түндүк Европаны жарыксыз калтырды

4-Янв. 2018, Бейшемби, 13:54

Шамал Улуу Британиянын он миңдеген үйлөрүн электр жарыгынан куру калтырып, транспорт каттамдарын үзгүлтүккө учуратты.

Францияда шамалдын ылдамдыгы саатына 110 чакырымга жетти. Андан улам Альпы тоолорунда лыжа тепкен адам көз жумса, дагы тогузу жабыркады.
Швейцарияда урагандан улам поезд рельстен чыгып, бир нече жүргүнчү жеңил жаракат алган. Ал эми Нидерланда дарактар кулады.

Франциянын түндүгүндө 200 миңден ашык үй жарыксыз калды.

Германия “Бурглинд” деп атаган шамалдын ылдамдыгы саатына 120 чакырымга жетти. Швейцарияда 14 миң үй жарыксыз калса, Австрияда айрым райондорунда көчкү жүрүү коркунучу пайда болду. Ал эми Амстердамдын аэропортунда 200дөн ашык каттам үзгүлтүккө учурады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!