​Токмоктогу кырдаалдар жөнгө салынууда (фото)

6-Янв. 2018, Ишемби, 12:19

Токмок шаарынын аймагында жерден чыккан суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу иш-аракеттери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-январь күнү Токмок шарында ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын, Токмок шаардык жана Чүй районунун жергиликтүү бийлик органдарынын, Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кезектеги жыйналышы болгон. Анда Токмок шаарындагы жана Чүй районундагы кырдаалды жөнгө салуу иш-аракеттери, келип чыккан маселелер жана аларды чечүү жолдору талкууланган. Чукул кырдаалдын кесепетин жоюу боюнча кошумча тапшырмалары берилген. Жыйындан соң тиешелүү кызматтар жеринде аткарылып жаткан участокторго барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан.

Жалпысынан, бүгүнкү күнгө чейин ӨКМдин күч-каражаттары менен 2 чакырым, ал эми Токмок мэриясы тарабынан 2 чакырымга жакын ачык коллектордук – кургатуу тутумун тазалоо жана тереңдетүү иш-чаралары аткарылды. Жалпысынан 4 чакырымда жумуштар уланууда. Мындан тышкары, 29 көпүрө жана лотоктор демонтаждалды. Ошондой эле ачык коллектордук – кургатуу тутумун тазалоо жана тереңдетүүгө тоскоолсуз жумуш аткаруу максатында Чүй-Токмок токой чарбачылыгынын жана ӨКМдин куткаруучулары тарабынан 2 чакырым дарак-бадал өсүмдүктөрүн санитардык кыюу иш-аракеттери аткарылды, иштер уланууда”,- деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө Токмок шаарынын аймагында жерден чыккан суулардын деңгээли 13-55 см төмөндөдү. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында жалпы Токмок шаарынын Жарандык коргонуунун күч-каражаттары тартылган. Андан сырткары ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы, Панфилов, Жайыл, Сокулук, Москва, Кемин райондорунун ЖКнун түзүмдөрү тарабынан инженердик техника жана күйүчү май менен Токмок шаарына көмөк көрсөтүүдө. Жалпысынан 11 инженердик техника, ӨКМден 20 куткаруучу, Токмок ш. коммуналдык ишканалар комбинатынан 12 киши, токой чарбачылыгынын 8 киши тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!