Назарбаев кат жазган кызга күчүк белек кылды

5-Янв. 2018, Жума, 15:13

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев алматылык Медина Майсаровага француз бульдогун белек кылды.

Бир ай мурда президентке Жаңы жылдык кат жазган кыз күчүк белек кылууну суранган.

“Мен катты бир ай мурда жазгам. Мындай күчүктү көптөн бери кыялданып келгем. Апам президент күчүк белек кылышы мүмкүн эместигин айтып, катты алып барууга уруксат бербей жатты. Эми минтип тилегим кабыл болду”,-деген ал.

Баалуу белекти Мединага Медеу районунун акими Ержан Жылкыбаев тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!