Ар бир кадамга акча берген тиркемелер

Ар бир кадамга акча берген тиркемелер
9-Янв. 2018, Шейшемби, 15:04

Биткоин сыяктуу санариптик акча системасында канчалык көп кадам таштасаңыз ошончо көп акча чогултууга болот.

Уюлдук телефонго жүктөлгөн тиркемелер аркылуу телефон ээсинин кадамдарын санап, ага карата акча табууга болот.

“Bitwalking” тиркемеси менен ар бир 10 миң кадамда башкача айтканда 8 чакырымга жакын аралыкта 1 доллар табууга болот. Ал эми “Sweatcoin” тиркемесинен ар бир 1000 кадамда 1 “Sweatcoin” таба аласыз. Эки ай бою күндө орточо 10 миң кадам таштагандарга FitBit Flex (550 coins) берилет.

Бул каражатты Интернет соодасында колдонууга же санариптик валюта бюролорунан чыныгы акчага алмаштырууга болот. “Bitwalking” фитнес-тиркемесин ойлоп тапкан Ниссан Бахар жана Фрэнки Имбеси долбоолоруна 10 миллион доллар жумшаган. Башкы каржылоочулар япониялыктар болгон.

“Bitwalking” валюталарын кабыл аларын жарыялагандар бут кийим чыгарган ишканалар болгон. Анткени акча табуу үчүн басыш керек, ал эми басыш үчүн бут кийим керек.

Ал эми “Sweatcoin” тиркемеси күн сайын бир нече мүнөт кыймылда болууну камсыздоо максатында чыгарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!