Эң бийик калпактын ээси дүйнөлүк рекордду коё алабы?

Эң бийик калпактын ээси дүйнөлүк рекордду коё алабы?
5-Март 2018, Дүйшөмбү, 10:36

АКШнын Флорида штатынын сүрөтчүсү жана өзгөчө калпактарды жасоо менен алектенген тургуну Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрүнөн дүйнөлүк рекордду орноткону тууралуу маалыматты ырастоосун күтүп жаткан чагы.

Одилон Озаре бийиктиги 5,72 метрди түзгөн баш кийим жасап чыгарды. Ал эми мындай өзгөчө баш кийимдер боюнча азыркы дүйнөлүк рекорд 2,97 метр бийиктикти түзөт.

Сүрөтчү баш кийимди даярдоого болжол менен 7 жума убактысын короткон. Калпак мончок, таштар менен кооздолуп жасалгаланган. Одилон бийик баш кийимдер илгертен анын ээсинин дэңгээлинин белгиси болуп эсептелгенин белгилеп өттү.

Албетте, ал өзгөчө баш кийимди көчөдө кийип жүрүү ыңгайсыз экенин моюнга алып жатат. Ошондуктан тез арада өзгөчө баш кийим жергиликтүү кафелердин биринде баалуу буюм катары сыйга тартууланышы мүмкүн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР