Марска уча турган күн белгилүү болду

Марска уча турган күн белгилүү болду
13-Март 2018, Шейшемби, 14:51

“SpaceX” ишканасынын ээси Илон Маск “Кызыл планета” же Марска учуучу күндү белгиледи.

Өткөн апталарда “Falcon Heavy” ракетасы менен бүгүнгө чейин өндүрүлгөн эң күчтүү ракетасын учурган Илон Маск талкуу жарата турган билдирүү жасады. “SpaceX” ишканасынын негиздөөчүсү Остин шаарындагы айткандарында Марска сапар ала турган күнгө аз калганын айтты.

Кызыл планетага бара турган алгачкы планеталар аралык космос кемеси курулуп жатканын, келерки жылдын алгачкы жарымында BFR ракеталары менен сынактар жүргүзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле ал алгачкы этапта кыска мөөнөттүү учуулар болорун кошумчалады.

Өткөн жылда Марска колония курууну адамзат үчүн абдан маанилүү экенин айткан Маск бул боюнча иштер көп жылдардан бери уланып келе жатканын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!