Окумуштуу Стивен Хокинг 76 жашында көз жумду

Окумуштуу Стивен Хокинг 76 жашында көз жумду
14-Март 2018, Шаршемби, 12:31

Англиялык физик, профессор Стивен Хокинг 76 жашында дүйнөдөн кайтты.

Хокингдин балдары Люси, Роберт жана Тим атасынын өлүмүнө байланыштуу жазууларында “Сүйүктүү атабызды жоготуп, кайгырып жатабыз. Улуу илимпоздун эмгектери жана мурасы көп жылдар жашай турган өзгөчө бир адам эле”,-деген.

Белгилүү англиялык теоретик, космос, кара тешиктер жана кванттык физикага байланыштуу эмгектери менен белгилүү болду.

Дарыгерлер Хокинг 22 жашында кабылган оорунун айынан эки жылдык өмүрү гана калганын айткан эле. Ага карабай окумуштуу 76 жашына чейин эмгектерин улантып, китеп жазган.

Хокинг “Чоң жарылуулардан кара тешикке” аттуу 1988-жылы илимий китеп жазган. Ал 10 миллиондон ашык сатылган.

Үй-бүлөсү Хокингге байланыштуу билдирүү жасады

“Кайраттуулугу, туруктуулугу, адамкерчилиги, тамашакөйлүгү менен дүйнө жүзүндө адамдарга илхам берди. Аны түбөлүк унутпайбыз жана сагынабыз”,-деди.

Стивен Хокинг тууралуу

Стивен Хокинг Англиянын Оксфорд шаарында 1942-жылы 8-январда төрөлгөн. 1959-жылы Оксфорд университетинде табигый илимдер боюнча билим алган соң Камбридж университетинде докторлук ишин жактаган.

1963-жылы Хокинг 22 жашында дарылоого мүмкүн болбой тургандай ага амиотрофический склероз деген диагноз койгон. Ошондой эле эки-үч жылдык өмүрү калганын айтышкан.

Анын турмушу тууралуу 2014-жылы кино тартылган. Анда Хокингдин ролун Эдди Редмэйн ойногон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​16-декабрь: күн суук болуп, кар жаайт
​16-декабрь: күн суук болуп, кар жаайт
Жамшитбек Калилов:
Жамшитбек Калилов: "Жумушсуз калбайм деген ойдомун" (видео)
Ырчы Кулипа Керимбаева: “Жашоо өзү театр, ал жашоодо ар кандай”
Ырчы Кулипа Керимбаева: “Жашоо өзү театр, ал жашоодо ар кандай”
Украина: “Россияга поезд каттамдары токтотулсун”
Украина: “Россияга поезд каттамдары токтотулсун”
“Facebook” желеге 7 миллион колдонуучунун сүрөттүн жарыялады
“Facebook” желеге 7 миллион колдонуучунун сүрөттүн жарыялады
Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетти
Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетти
Президентке, өкмөткө каршы акциялар кайра жанданды
Президентке, өкмөткө каршы акциялар кайра жанданды
Вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды
Вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды
“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду
“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду
​Калктын 0.8 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашайт
​Калктын 0.8 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашайт
30 кабаттык мейманкана 15 күндө курулду
30 кабаттык мейманкана 15 күндө курулду
​Бишкек мэриясы 301,2 млн. сомго автобус сатып алат
​Бишкек мэриясы 301,2 млн. сомго автобус сатып алат
Өкмөттө ИДП көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү
Өкмөттө ИДП көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү
Банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди
Банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди
Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президентине көңүл айтты
Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президентине көңүл айтты
Эске сактоо жөндөмүн жакшыртуунун эң оңой жолу
Эске сактоо жөндөмүн жакшыртуунун эң оңой жолу