Социалдык тармакка бюджеттин 50,6 пайызы жумшалды

Социалдык тармакка бюджеттин 50,6 пайызы жумшалды
11-Май 2018, Жума, 14:40

Январь-апрель айларында социалдык тармактарга бюджеттин 50,6 пайызы жумшалды. Бул тууралуу Борбордук казыналык билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын алгачкы 4 айында соцалдык багытка каражат жумшоо планы болгону 21 млрд. 319,8 млн. сого аткарылган. Бул сумма өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 млрд сомго көп.

Алсак:

- социалдык камсыздоого 22.9 пайыз (9 млрд. 647.6 млн. сом)

- билим берүгө 16.2 пайыз (6 млрд. 846.7 млн. сом)

- саламаттыкты сактоого 9.5 пайыз (4 млрд. 13.3 млн. сом );

- эс алуу, маданият жана динге 1.9пайыз (812.2 млн. сом) жана башка тармактарга жумшалган;

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!