​Жаңы жогорку чыңалуудагы линия курулат

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Жогорку Кеңеште “Тамга-Каракол” жогорку чыңалуудагы линиясын куруу демилгеленип жатат.

ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитети “220 кВ Тамга-Каракол жогорку чыңалуудагы линиясын куруу” долбоору үчүн техникалык экономикалык негиздемесин даярдоону ишке ашырууга 325 миң кувейт динары (1 млн. 100 миӊ доллар) өлчөмүндөгү грантын кабыл алууну ырастоо жөнүндөгү КРнын өкмөтү менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт фондунун ортосундагы макулдашуу долбооруна макулдук берди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморовдун айтымында, Кувейт фонду аталган долбоорго каражат бөлүүгө макул болгон.

“Буга чейин чубалгынын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 325 миӊ динар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүү маселеси макулдашылган. Ал эми кыргыз тарап консультанттар үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүп берүүгө тийиш”, - дейт ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!