​Кыргызстандын карызы 4 млрд. доллардан ашты

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,1 млрд. долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Үстүбүздөгү жылдын 28-февралына карата өлкөнүн карызы 4 млрд. 153,19 млн. долларга же 287 млрд. 109,4 млн. сомго жетти.

Анын 3 млрд. 804,07 млн. доллары (262 млрд. 974,60 млн. сом) тышкы карыз. Ал эми ички карыз 349,12 млн. долларга (24 млрд. 134,80 млн. сом) жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!