​Кыргызстандын эл аралык резерви кыскарды

​Кыргызстандын эл аралык резерви кыскарды
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 10:27

2019-жылдын апрель айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын эл аралык резерви 17,06 млн. долларга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Өлкөнүн учурдагы дуң резерви 2 млрд. 180,09 млн. долларды түзөт. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 12 млн. 890 миң долларга аздык кылат.

Акыркы 2 жылда резервдин жогорку көрсөткүчү 2018-жылдын январь айында 2 млрд. 220,44 млн. болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!