Кийим экспорту 1,8 пайызга кыскарган

Кийим экспорту 1,8 пайызга кыскарган
23-Май 2019, Бейшемби, 09:49

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр менен болгон соода байланышы төмөндөдү. Бул тууралуу Экономика министри Олег Панкратов өкмөттүн жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында 2019-жылдын биринчи кварталында ЕАЭБге кирге өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүү 1 млрд. 333,3 млн. долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 8,9 пайызга азайгандыгын көрсөтөт. Мындай кыскаруунун болушун биримдик өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн бут кийим жана кийим кече эки эсе, сүт жана сүт азыктарынын 1,4 эсе кыскарганы ошондой эле пахта такыр экспорттолбогондугу менен түшүндүрдү.

Кийим тигүү 29,2 пайызга өскөнү менен кийим экспорту 1,8 пайызга кыскарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР