​ЕРӨБ таза сууга 13 млн. евро бөлөт

​ЕРӨБ таза сууга 13 млн. евро бөлөт
24-Май 2019, Жума, 14:27

Бишкекте өткөн «Аймактар үчүн таза суу» форумунда Кыргызстан менен Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕРӨБ) ортосунда суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Келишимге Кыргызстандын каржы министри Бактыгүл Жеенбаева жана ЕРӨБнын президенти Сума Чакрабарти кол койду.

Жалпы суммасы 13 млн. еврону түзгөн Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо боюнча макулдашуу жана Жалал-Абад шаарында суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Насыя каражаттары 15 жылдык мөөнөткө берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР