Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине даяр болду

Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине даяр болду
17-Окт. 2019, Бейшемби, 14:42

Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) ремонт иштери аяктады жана ал толук бойдон жылытуу сезонуна даяр болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында аталган мекеменин өкүлдөрү маалымдашты.

Учурда оңдоо иштерине бөлүнгөн каражаттын 95 пайызы сарпталды. Тактап айтканда атайын бөлүнгөн 250 миллион сомдун 237 миллион сомуна турбина цехиндеги ремонт иштери жүргүзүлдү, ошондой эле аталган жай жылууланды.

Мындан тышкары 1.1 млн тонна көмүр жеткирүү планын аткаруу ишке ашып жатат. 680 миң тонна жергиликтүү көмүрдү жеткирүүгө келишим түзүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!