АӨБ Үч-Коргон ГЭСин оңдоого каражат бөлөт

АӨБ Үч-Коргон ГЭСин оңдоого каражат бөлөт
3-Ноя. 2019, Жекшемби, 18:09

Кыргызстандын өкмөтү менен Азия өнүгүү банкы (АӨБ) “Үч-Коргон ГЭСин реаблитациялоо” долбоору боюнча насыялык жана гранттык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Реаблитациянын негизинде ГЭСтин ишинин туруктуулугу менен коопсуздугу жогорулайт, бул өз кезегинде өлкөнүн электр менен тынымсыз камсыз болушуна өбөлгө түзөт. Гидроэлектростанциянын кубаты артат жана иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмү көбөйөт.

“Үч-Коргон ГЭСин реаблитациялоо” долбоорунун суммасы -160 млн доллар. Анын 100 млн долларын АӨБ бөлөт, аталган сумманын 60 млн доллары-насыя, 40 миллион доллары грант катары берилет. Евразия өнүгүү банкы 45 млн доллар насыя берсе, өкмөттүн салымы 15 млн доллар болмокчу.

АӨБдүн насыясынын мөөнөтү 32 жыл, анын ичинен жеңилдетилген мезгил 8 жылды түзөт, ушул мезгилдеги үстөгү 1 пайыз, жеңилдетилген мөөнөтү бүткөндөн кийин 1.5 пайыз болмокчу.

Өкмөт Евразия өнүгүү банкы менен каражат алуу маселелерин сүйлөшүп жатат.

Эскерте кетсек, Үч-Коргон ГЭСи-Нарын дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан. 1962-жылы ишке киргизилген. Плотинасынын бийиктиги 30 метрди түзөт. Суу сактагычынын көлөмү 52,5 млн кубометрге барабар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт