Россия-кыргыз өнүгүү фондунун жетекчилиги Жалал-Абад областында каржыланып жаткан долбоорлордун иши менен таанышуу үчүн барды. Кезектеги иш сапардын алкагында башкаруу өкүлдөрү Таш-Көмүр шаарындагы “Кварц Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун металлургиялык кремнийди кайра иштетүүчү ишканасынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бүгүнкү күндө ишкананын курулушунун 90 пайызы аяктады. Анын өндүрүш кубаттуулугу жылына 5 миң тонна даяр продукцияны чыгарууга эсептелген. Заводдо 80ден 120 адамга чейин иштейт жана алар негизинен жергиликтүү тургундар болмокчу. Продукцияны экспортко чыгаруу күтүлүп жатат.
Долбоордун жалпы баасы 4 млн 451 миң долларды түзөт. Анын 2 млн 150 миң доллары-Россия-кыргыз өнүгүү фондунун насыясы. Калган 388 миң долларды «Кварц компани» ЖЧКсы-РСК Банктан алса, 2 млн доллар компаниянын жеке каржысы болуп саналат.
“Таш-Көмүр шаары бекер жерден тандалган жок, ал жерде кремний алына турган кварц жана көмүр бар. Орточо алганда бир тонна кремний 2.2 доллар турат. Механикалык кремний жеңил унааларды чыгарууда, электр техникалык болотторду өндүрүүдө жана курулуш материалдарында керектелет”,-деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Сүрөт: sputnik.kg