Кыргызстан 5Gны сынактан өткөрүүнү баштады

Кыргызстан 5Gны сынактан өткөрүүнү баштады
14-Дек. 2019, Ишемби, 13:31

Кыргызстанда 5G мобилдик байланыш муунун тесттен өткөрүү боюнча уюлдук байланыш операторлоруна жыштыктан бөлүнүп берилет. Бул тууралуу Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында белгилүү болгонун Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитети кабарлады.

Комиссиядагылар 5Gны тесттен өткөрүү IoTту өнүктүрүүгө көмөк берет деген ишенимде. Убактылуу жыштыктар 3.3 миң – 5 миң МГц диапазонунда берилет.

Бир нече жыл мурда эле Кыргызстанда 4G (LTE) түйүндөрү ишке киргизилген. Анын Кыргызстанда өнүгүүсү интернеттин баасынын төмөндөшүнө, ишкерликти өнүктүрүүгө көмөк берди. 5G- моблдик технологияларды өнүктүрүүнүн кийинки баскычы болуп саналат жана ал жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр менен жаңыча тейлөөнү камсыздамакчы. Жаңы стандарт маалыматты берүүдө абдан жогору стандартка ээ.

MarketsandMarkets талдоочулары берген маалыматка таянсак, 5G рыногу 2025-жылга чейин өнүгүү үстүндө болот. Анын жылдык өсүш ыргагы 18 пайызды түзмөкчү. 5G тейлөөсү дүйнөлүк рынокто2020-жылдагы 53,9 млрд доллардан 2025-жылы 123,3 млрд долларга чейин өсүшү мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?