Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттордун бланкаларын сатып алыш үчүн тендер жарыялады. Лоттун суммасы 973 млн 123.5 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Сатып алуу ыкмасы бир этаптуу болуп эсептелет. Конкурстук билдирменин кепилдендирилген камсыздоосу 2 пайызды түзөт.

Тендердин шарттары боюнча утуп алган компания 2023-жылга чейин электрондук паспорттордун бланкаларын жеткирүүгө тийиш.