2019-жылы Мамлекеттик каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жалпы суммасы 8 млрд 455.95 млн сом турган 42 баалуу кагаз чыгарууну каттады. Бул тууралуу аталган ведомствонун коллегиясында көзөмөл органынын төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди.

Катталган баардык баалуу кагаздардын 16сы мекемелердин чыгарган кагазы болуп саналат, анын суммасы 119.99 млн сомду түзөт.Баардык суммасы 8 млрд 335.95 млн сомдук 26 басылып чыккан баалуу кагаз кошумча басылган чыгарылыштар болуп саналат.

Мындан тышкары 42 баалуу кагаздарды чыгаруунун 13ү жабык акционердик коомдор тарабынан ишке ашырылган, анын суммасы 8 млрд 108.3 млн сомду түзөт.

27 чыгарылыш ачык акционердик коомдор тарабынан ишке ашырылган жана анын баасы 237.6 млн сомго жетет, 2 чыгарылыш мүмкүнчүлүгү чектелген коомдорго таандык жана анын жалпы суммасы 110 млн сом болуп эсептелет.

Арзыбек Кожошев билдиргендей, көбүрөөк ири эмиссияларды «Айыл Банк» ачык акционердик коому-3 млрд 268.7 млн сом, «Росинбанк»-3 млрд сом жана «РСК Банк»-125.5 млн сом чыгарган.