​"Ташкент-Ысык-Көл” каттамы ишин баштайт

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

“Ташкент-Ысык-Көл” каттамы боюнча алгачкы учак 4-июнда “Тамчыга” конот. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын Инфраструктуралык жана инвестициялык өнүгүү дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов билдирди.

““Тамчы” аэоропорту учурда түнкү каттамдагы учактарды кабыл ала алат. “Өзбек авиакаттамдарынын” алгачкы учагы келип конот. Ошондой эле Казакстан жана Россиядан түз каттамдарды ачуу боюнча сунуш келип түштү. Тактап айтканда “Казахэйр” жана “Сибирь” аба каттамдарды ачып жатат”,-дейт Бусурманкулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!