Кайгуул милициясынын макети коюлду

5-Июль 2017, Шаршемби

Бишкек - Ош унаа жолуна кызматта турган Кайгуул милициясынын макети коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 5 июлда Ички иштер министрлигинин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкери колуна радар кармап, унаанын жанында тургандагы макети аталган унаа жолдун 143-чакырымына коюлган. Милиционердин макети аталган жолдун 143-чакырымына коюлган. Мындан улам жол кырсыгы көп катталган жерлерге дагы коюу пландалууда.

Айта кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө дагы кайгуул милициясынын макети коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!