Кыргызстан Чехия менен ГЭСтерди курат

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 10-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргыз Өкмөтү менен Чехиянын «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын ортосунда Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын Акбулуң ГЭСи жана Нарын ГЭС-1 куруу жана эксплуатацияга киргизүү, ошондой эле “Кыргызстанда чакан гидроэлектростанцияларды куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди

Маалыматка ылайык, макулдашууга өкмөт тарабынан - Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана өнөктөштөр тарабынан - «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын директору Михаел Смелик кол коюшту.

Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу тууралуу документ 2019-жылдын 30-декабрына чейин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын «Орто-Токой-1», «Орто-Токой-2», «Папан», «Чоң-Аксуу», «Киров», «Карасуу сол тарап-1», «Карасуу оң тарап-2» чакан гидроэлектростанцияларын каржылоону, техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууну, курууну, эксплуатацияга киргизүүнү, ошондой эле 2020-жылдын акырына чейин «Сандык-1», «Сандык-2» жана «Сандык-3» чакан ГЭСтерин курууну жана пайдаланууга берүүнү камтыйт.

Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын «Орто-Токой-1», «Орто-Токой-2», «Папан», «Чоң-Аксуу», «Киров», «Карасуу сол тарап-1», «Карасуу оң тарап-2» чакан гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдаланууга берүү тууралуу инвестициялык макулдашууда “Жогорку Нарын ГЭСтер” ЖАКтагы россия тараптын 50% өлчөмүндөгү үлүшүн өткөрүп берүү жол-жоболорун баштоо үчүн Чехиянын «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы “Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар” ЖАК уставдык капиталына 37 000 000 АКШ долларын төлөп берээри каралат. Ошондой эле документке ылайык долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелери жаңыланып, станциялардын курулушу, пайдаланууга берилиши жана эскплуатациялоо графикке ылайык камсыздалышы каралган.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономикасына Европадан ири жеке инвестордун келиши дүйнөдөгү бардык потенциалдуу инвесторлорго кубаттуу белги берип, Кыргызстан бизнес жүргүзүүгө жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүүгө даяр экендигин ырастайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!