​CASA-1000: санариптик хаб ишке кирет

7-Июль 2017, Жума

CASA-1000 электр өткөрүү чубалгысынын жанына жогорку ылдамдыктагы интернет була-оптикалык кабель коюу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан “CASA-1000” долбоорунун жыйынында кабарлагнын Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди .

Анын айтымында 2018-жылы Борбор Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүн байланыштырган бирдиктүү санариптик хаб, аймактык долбоор Digital CASA – трансчекара телекоммуникациялык байланышын ишке киргизүү башталат.

Долбоорду ишке ашыруунун башкы жыйынтыгында Борбор Азия жашоочулары бир топ арзан жана кеңири тилкелүү интернетке жеткиликтүү боло алышат. Буга альтернативдүү байланыштарды колдонуунун эсебинен жетишүүгө болот.

“Digital CASA- CASA-1000 энегетикалык долбоорунун аналогдук аталышы. Ал аймактагы өлкөлөрдү өз ара жогорку ылдамдыктагы транс чекаралык интернет каналдары менен байланыштырат. Мында биздин аймак бардык континенттер үчүн негизги транзиттик хаб боло алат. CASA-1000 жана Digital CASA долбоорлорун практикалык жактан тезирээк ишке ашыруу менен катышуучу-өлкөлөр ортосунда келечекте жемиштүү кызматташтык бекемделет”, - дейт Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!