“Карабалта спирт заводу” аукционго коюлду

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду мамлекеттик менчиктеги айрым мекемелерди ишке киргизүү максатында аукцион өткөрөт. Мунун негизинде Кара-Балта шаарында жайгашкан мамлекеттик “Карабалта спирт заводу” сатыкка коюлду.

Маалыматка караганда, аталган ишкананын баштапкы баасы 200 млн сом турат.

“Карабалта спирт заводунун” карамагына жалпы аянты 10 миң 155,4 чарчы метрлик 1943-жылдан 2010-жылга чейинки курулуштар, 30 миң 319,49 чарчы метр жер тилкеси, унаа, жабдыктар, эмерек жана кеңсе техникасы, болжолу менен 10го жакын транспорт каражаттары кирет.

Аукцион 14-августта саат 14:00 өтөт.

Белгилей кетсек, аукцион ачык болуп ага мамлекеттик мекемелерден башка бардык каалоочулар катыша алат.

Аукциондун жеңүүчүсү деп эң көп сумма сунуш кылган жаран табылат.

Аукционго катышууну каалагандар тиешелүү документтерин 11-августта саат 16:00гө чейин Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тапшырышы керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!