9 жума болгон бала сүйлөп рекорд койду

9 жума болгон бала сүйлөп рекорд койду
26-Июль 2018, Бейшемби, 11:18

29 жаштагы Сара Маршаллдын наристеси Томми-Фрэнк 9 жумалыгында сүйлөп Гиннестин рекорддор китебинде "эрте тили чыккан бала" номинациясын жаңыртты. Бул тууралуу Сара алгач досторуна айтканда эч ким ишенген эмес экен.

Андан кийин ал 3 айга толо элек баласынын сүйлөп жатканын видеого тарткан. "The Sun"дын маалыматы боюнча, наристе чындыгында эжесинин айткан сөздөрүн жаттап алып артынан кайталайт экен. Эне баласынын келечекте чыныгы данышман болуп өсөт деп ишенет.

"Билемин менин уулум расмий түрдө рекордду жаңырткан жок. Бирок биздин баланын өмүрү дагы алдыда", – дейт Сара Маршалл.

Эскерте кетсек, расмий рекорд Ноттингемде төрөлгөн Тео аттуу балага тиешелүү. Ал алгач 14 жумалыгында "салам Дини" деп сүйлөгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!