Табити жок балдарга кантип тамак-аш жедирсе болот?

Табити жок балдарга кантип тамак-аш жедирсе болот?
16-Апр. 2019, Шейшемби, 11:45

Көптөгөн ата-энелер балдарынын тамакка табити жок болуп, керектүү өлчөмдө тамактанбагандыгынан даттанып келет. Тамак жегенди жактырбаган жана сиз тамакты кашыкка алганда, балаңыз жегиси келбей айланып-тегеренип качып жүргөндө эмне кылуу керек?

Бул шартта адистер төмөн кеңештерди сунуш кылат

Эгерде балаңыздын тамак-ашка болгон табити жок болсо, анда аны зордоп жегизген болбойт. Ал деген сөз, эгерде балаңыз өзү теңдүүлөрдөн артта калбай чоңоюп жатабы, демек анын тамактануусу жетиштүү. Мисалга, балдардын ашказаны чоңдордукуна салыштырмалуу алда канча кичинекей болот.

Балаңыз доктурга барганда башка теңдүүлөрү сыяктуу бою өсүп, салмагы дал келип жатса, анда балаңыздын “Табити жок” деп айтууга себеп жок.

Ал ортодо эне баласынын кайсы тамакты жакшы көрүп жеп жаткандыгын жана кайсы тамакты жактырбай жаткандыгына көңүл бөлүп туруусу кажет. Ошого карай тамак рационун даярдап берген пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!