Балдарга тез татымдын зыяны кандай?

Балдарга тез татымдын зыяны кандай?
2-Май 2019, Бейшемби, 11:55

Тез татымдар абдан даамдуу болгонго байланыштуу аны чоңдор дагы, кичинелер дагы сүйүп жейт. Анын балдарга кандай зыяны бар экендигин билесизби?

-Айбанаттардын майы көп колдонулганга байланыштуу, жүрөк жана кан тамыр ооруларына себеп болот. Өзгөчө рак жана өнөкөткө айланган ооруларды пайда болушуна түрткү болот.

-Тез тамындардын курамы витаминге жана минералдарга бай эмес болгондуктан, балаңыздын ииммунитетин түшүрүүгө өбөлгө болот.

-Кызыган майда кызартылып бышырылгандыгы үчүн, ден соолукка зыян. Бул нерсе рак оорусунун пайда болушун алып келет.

-Тез татымдын курамындагы кофеин организмдеги химиялык теңсиздик абалды жаратат.

-Ошондой эле аларга кошулган туздун көп өлчөмү кан басымдын жогорулашына себеп болот.

-Тез татымдардагы түрдүү түс берген кошулмалар ден соолукка зыянын тийгизет.

Ошондуктан, алардын канчалык даамдуу, балаңыз жегиси келип турса дагы колдон келсе ата-энелер үй шартында тамак-аштарды жасап берген жакшы.

Эсиңизде болсо, АКШ жана Европа мамлекеттеринде дал ошол тез татымдын айынан адамдар семирип, жыл сайын канчалаган адам бул дүйнө менен кош айтышып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР