Акылы тетик балдардын алгылыктуу белгилери

Акылы тетик балдардын алгылыктуу белгилери
17-Май 2019, Жума, 16:01

АКШнын зирек балдардын улуттук ассоцациясы: “Балдар ар кандай сферага байланыштуу таланттуу болгондугун белгилеп өттү”.

-Чыгармачыл

-Лидерлик

-Интелектуалдык

-Академиялык (Буга тилдер, математика жана башка сабактар кирет).

Негизи баланын өтө акылдуу, бир нерсеге көзү жеткендиги кичинекейинен эле билинет. Алардын өзгөчө белгилери төмөндөгүчө.

Алар мугалим сыяктуу сүйлөшөт

Алар билимди өзү теңдүүлөргө караганда алда канча бат өздөштүрөт жана алардын сүйлөө речи абдан бай болот.

Кичинесинен тарта көп нерселерге кызыгышат

Мисалга, табигый илимдерге жакын боло турган балдар, кичинесинен эч кимдин жардамы жок эле пазлдарды, кубиктерди кураштырганды аңдап билет.

Алар көп окушат

Акылы тетик балдар көп нерсеге кичинесинен кызыгып, көп окуганга ынтылат.

Алар сөзсүз бир тараптан таланттуу келет

Зирек балдар жаратылыштан таланттуу келет. Мисалга, спорт, бийлөө тармагы, ырдоо, сүрөт тартуу жана окууга ынтылуу боюнча.

Коом тандайт

Акылы тетик балдар өзүнөн чоңдор же улуулар менен баарлашууну жакшы көрөт. Анткени, өзү теңдүүлөр менен баарлашкан кызыксыз сезилет.

Алар лидер болушат

Мындай балдар кичинесинен лидерлик сапатка ээ болот.

Аларга багыт берүүнүн кажети жок

Акылы тетик балдар бир ишти аткарууда дароо аны жасап, андан соң башкаларга суроо ирээтинде кайрылат.

Алар жаратылышты жакшы көрөт

Айрым чыгармачыл балдар кооз жаратылышты, пейзаждарды жана анын үндөрүнө суктанганды жакшы көрөт.

Жалгыз калганды жакшы көрөт

Алар жалгыз калып, креативдүү ойлонгонду, өз алдынча ойлонуп оюн топтогонду жакшы көрөт. Мисалга, окуганды, сүрөт тартканды жана жазганды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!