​Кыргызстанга 2 айда 161 млн. доллар которулган

​Кыргызстанга 2 айда 161 млн. доллар которулган
17-Апр. 2018, Шейшемби, 10:57

Февраль айында сыртта жүргөн кыргызстандыктар 161,7 млн. доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, мигранттардан которулган каражат былтыркы көрсөткүчтөн 15,8 млн. долларга көп.

Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Россиядан келген. Февралда 158,6 млн. доллар которулса, алыскы чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардан 2,8 млн. доллар келген. жиберишкен. Алардын ичинен 1,5 млн. доллары АКШдан келген.

Ал эми Кыргызстандан чет мамлекеттерге которулган акчанын көлөмү 35,6 млн. доллар. 90 пайызы көбү Орусияга кеткен.

Эскерте кетсек, 2017-жылы чет жакта иштеп жүргөн эмгек мигранттарынан 2,482 млрд. доллар которулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!