​ЕАӨБ: доллардын наркы 76,5 сом болушу мүмкүн

​ЕАӨБ: доллардын наркы 76,5 сом болушу мүмкүн
21-Апр. 2017, Жума

Евразия өнүктүрүү банкынын билдиргени караганда Кыргызстанда 2019-жылы 1 доллардын наркы 76,5 сомду түзөт.

Евразия өнүктүрүү банкынын алдын ала болжолдоосуна ылайык 2017-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын Ички дүң өндүрүмүнүн өсүүсү 3,6 пайыздын деңгээлинде болот. Ал эми жакынкы жылдары 3,5 жана 3,4 пайыз болушу күтүлөт. Ошону менен эле бирге баалар бир кыйла жогорулоосу мүмкүн. Үстүбүздөгү жылы баанын өсүүсү 5,9 пайыз болуп, 2018-жылы 7,3 пайызды түзүп, ошондой эле 2019-жылы 6,8 болушу ыктымал.

Ал эми доллардын курсунда да жогорулоолор болот үстүбүздөгү жылы доллардын орточо наркы 69,9 сом болушу күтүлөт. 2018-жылы 72,9 сом. 2019-жылы 76,5 сом болушу ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!