​МСК: салык жыйымы 100 пайызга аткарылды

​МСК: салык жыйымы 100 пайызга аткарылды
21-Апр. 2017, Жума

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында мамлекеттик салык кызматы 16,5 млрд. сом салык жыйнаган. Бул тууралуу бүгүн салык кызматынын биринчи кварталдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында аталган кызматтын жетекчиси Октябрь Абдыкаимов билдирди.

Анын айтымында, алдыга коюлган план 100 пайызга аткарылган.

“Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2017-жылдын биринчи кварталында 1 млрд. 451 млн. сомго же 9,6 пайызга көптүк кылат. Бул сумма өткөн жылы алынып салынган сатыктан түшкөн салыкты эсептебегендеги көрсөткүч”,-дейт Абдыкаимов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!