Финпол: бирдиктүү депозиттик эсепке 68 млн. сомго жакын акча которулду

Финпол: бирдиктүү депозиттик эсепке  68 млн. сомго жакын акча которулду
29-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 09:55

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 67 миллион 741 миң 275 сом өлчөмүндө акча которду.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, бул эсепке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Башкы прокуратура, Финансы полициясы жана Ички иштер министрлиги коррупциядан өндүрүлгөн каражатты которууга милдеттүү.

ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 605 миллион 956 миң 902 сомду түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР