Финпол: Бирдиктүү депозиттик эсепке 37 млн сомго жакын акча которулду

Финпол: Бирдиктүү депозиттик эсепке 37 млн сомго жакын акча которулду
3-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 10:04

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке 37 млн сомго жакын акча которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы ZAMAN.KG маалымат агенттигине кабарлады.

Финансы полициясы тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражатынын жалпы суммасы 700 миллион 441 миң 493 сомду түздү.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, бул эсепке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Башкы прокуратура, Финансы полициясы жана Ички иштер министрлиги коррупциядан өндүрүлгөн каражатты которууга милдеттүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР