“Facebook” жеке даректер тууралуу маалыматты моюндады

“Facebook” жеке даректер тууралуу маалыматты моюндады
5-Апр. 2018, Бейшемби, 11:54

“Cambridge Analytica” компаниясы мурда кабарлагандай “Facebook” 50 миллион адамдын эмес, социалдык желедеги 87 миллион колдонуучусунун жеке даректерин жыйнаган. Бул тууралуу “Facebook”тун техникалык директору Майк Шрепфер маалымдады.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трампты шайлоодо өнөктүгүндө “Cambridge Analytica” компаниясы “Facebook” аркылуу 50 миллион адамдын жеке даректерин жыйнаганы маалымдалган болчу

«Facebook менен негизинен АКШда 87 миллион адамга арналган жеке даректер "Cambridge Analytica” компаниясы аркылуу туура эмес берилиши мүмкүн деп эсептейбиз», - делинген “Facebook"тун расмий блогунда.

Эскерте кетсек, 2016-жылы “Cambridge Analytica” британ-америка компаниясы Дональд Трамп президенттикке шайланар маалда 50 млн адам тууралуу маалыматты алардын уруксатысыз жыйнаган деп "Фейсбук" күнөөлөнүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!