“Instagram” жана “WhatsApp” топто видео чалууларды ишке кошот

“Instagram” жана “WhatsApp”  топто видео чалууларды ишке кошот
3-Май 2018, Бейшемби, 16:17

“F8” даярдаган кызматкерлер үчүн уюштурулган конференция учурунда “Facebook”тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг “Instagram”дын кайсы жаңы технологияларды колдоноорун айтты.

“Facebook”тун башчысы Марк Цукерберг “Instagram” жана “WhatsApp” тиркемелеринде топто видео чалууларды ишке кошуу тууралуу жарыялады. Бул тууралуу “The Next Web” жазып чыкты.

Азыртан баштап тесттик сыноо тобундагы кээ бир “Instagram” колдонуучулары видео чалууларды жасай алышат. Башка колдонуучулар үчүн бул функция жакынкы жумаларда ишке кошулат. Алдын ала маалыматтар боюнча, топто видео чалууларга төрт адам катыша алат.

Цукербергдин билдирүүсү боюнча, “WhatsApp” мессенджерине жеке коңгуроо чалгандардын саны болжол менен 2 миллиард мүнөт жумшалган. Ага байланыштуу топтук коңгуроолордун функциясын киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Мындан сырткары, “Instagram”да “GoPro” интеграциясы пайда болду. Эми сиз тиркеменинин ичиндеги роликти тандап, аны “Instagram”га жарыялоодон мурун редакциялай аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!