“Huawei” жаңы “Android” программасын жасайт

“Huawei” жаңы “Android” программасын жасайт
4-Май 2018, Жума, 09:51

Кытайлык “South China Morning Post” басылмасынын маалыматы боюнча, “Huawei” “Android” ордуна жаңы оперативдүү система жасап чыгарат. Азыркы убакта “Huawei” смартфондору менен башка девайстарынын баардыгы “Google”дун карамагындагы “Android” оперативдүү системасынын негизинде иштеп келет.

Алдыңкы убакытта кытайлык компания авторлук, жаңы оперативдүү система жасоого мажбур болду. Себеби, АКШ бийлиги “Google” корпорациясын Кытай бийлиги менен биргеликте иштеп жатканын айтып айыптаган. “Google” маселенин өнүгүп кетпешин көзөмөлдөп, кытайлык смартфондордон “Android” лицензиясын кайтарып алат.

Азырынча “Huawei” өздөрүнүн долбоорлорун “кара күнгө” сактап жатат. Смартфон базарында азырынча “Android” менен “iOS” ка чак келген оперативдүү система жок. Алардан башка “Samsung” компаниясында “Gear S” акылдуу сааттарына орнотулуп жүргөн “Tizen” жана “Microsoft” компаниясынын “Windows Phone” системалары бар. Бирок алардын кубаты дагы өнүгүү жолунда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!