Россияда дагы бир мессенджер жабылат

Россияда дагы бир мессенджер жабылат
4-Май 2018, Жума, 09:54

“Viber” тиркемесин Россияда жаап салышы мүмкүн. Бул тууралуу “ТАСС”ка шилтеме берип, коммуникация жана маалымат министри Николай Никифоров маалымдады.

Анын айтуусу боюнча, бул суроолорду Байланыш министрлиги эмес, Федералдык коопсуздук кызматы чечип жатат. Бирок эгер ал шифрленип кулпуланган болсо, анда аны ФСБ сотко берип "Telegram” сыяктуу жеңип алат.

13-апрелде Таган райондук соту Телеграмдын дароо токтотулушу тууралуу чечимди кабыл алган жана Роскомнадзорго чечимди аткаруу бөлүгүн тапшырган деп маалымдады бөлүмдүн башчысы Александр Жаров. Үч күн өткөндөн кийин Роскомнадзор соттун чечимин аткарууга киришип, байланыш операторлоруна Телеграммды иштөөсүн токтотуп, андагы миллиондогон колдонуучулардын “IP”-даректерин жабууга талап кылган.

Бирок ошого карабастан Телеграмм дагы деле иштеп жатат. Интернет-омбудсмен Дмитрий Мариничевдин айтуусу боюнча, “Telegram”ды жабуу мүмкүн эмес, себеби ал сайт эмес тиркеме болуп саналат. Ага байланыштуу “IP” блоктоо аркылуу жабуу мүмкүн эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!