Кийинки жылы 3 камералуу “iPhone” чыгарылат

Кийинки жылы 3 камералуу  “iPhone” чыгарылат
10-Май 2018, Бейшемби, 10:09

Интернетте “Apple” компаниясынын кийинки жылга арналган пландары тууралуу маалымат пайда болду.

“Apple” компаниясы 2019-жылдын экинчи жарымында 3 камералуу “iPhone” чыгарат. Бул тууралуу Джефф Пудин “Yuanta Securities” изилдөө эсебине таянып “Taipei Times” маалымат булагы маалымдайт.

Мындан мурун “Economic Daily News” тайвандык басылма кийинки жылы 3 камералуу “iPhone” чыгарыларын кабарлаган. Маалыматка ылайык, үч камералуу объектив беш эсе оптикалык зумга ээ болот.

3 объективи бар алгачкы смартфон кытайлык “Huawei P20 Pro” эле. Гаджеттин объективтери 40, 20 жана 8 мегапикселге чейин кеңейтилген, ошондой эле, төрт эсе оптикалык зумга ээ. Девайстын жакшы жагы - кадрды чоңойткон кезде майда-чүйдөлөргө чейин жана түнкү тартуу да бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!