Колду сенсордук экранга айланткан смарт-саат жасалды

Колду сенсордук экранга айланткан смарт-саат жасалды
11-Май 2018, Жума, 10:17

Келечектин келгенине ишенүү кыйын. Ошентсе да дүйнө укмуштуудай тездик менен алдыга жылууда. Буга мисал катары көптөгөн илимий жана технологиялык жетишкендиктерди атоого болот. Бул багытта “TengriMIX” колду сенсордук экранга айланткан саат тууралуу маалымат берди.

Питсбургтагы (АКШ) Карнеги-Меллон университетинин окумуштуулары сенсорлук экранды түздөн –түз адамдын колуна түшүргөн, “LumiWatch” смарт-сааттарын сунуштады. Сааттын интерактивдүү бетин проекциялоого болот. Мисалы, ал билекте колдонуучуга виртуалдык дисплейди тап жана свайп кыймылдары аркылуу башкарууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, сүрөт 40 сантиметрге чейин чоңоёт. Ал даярдагандардын айтуусу боюнча, адаттагы «акылдуу» сааттардын интерфейсинен болжол менен беш эсе чоң.

Сенсорлук экран үч лазер менен (кызыл, көк жана жашыл) нурлануу аркылуу жасалат жана проекция көчөдө ажыратууга мүмкүндүк берген жетиштүү жарыкка ээ болот. Ошондой эле, түзүмдө манжаны ар дайым көзөмөлдөөчү функция бар.

Саат өз алдынча иштейт, проектордон бөлөк, төрт ядролуу процессор менен, тереңдик датчиги менен 768 мегабайт тез эс тутутм менен, 4 гигабайт флэш-эс тутум жана салыштырмалуу кубат батареясы менен жабдыкталган. Изилдөөчүлөрдүн айтуусу боюнча, туруктуу проекциялоо менен саат бир кубат көзү менен бир саттан ашык убакыт иштейт.

Ошондой эле, иштеп чыгуучулар бул технологияны жасоого байланыштуу бир катар тоскоолдуктарды атап өтүштү. Тактап айтканда, интерактивдүү бетти колго түшүрүү оңой эмес. Анткени, кол тегиз эмес. Ушуга байланыштуу жумушта бир катар тосколдуктар пайда болушу ыктымал.

Эгер аппарат сатыкка чыкса баасы болжол менен 600 долларды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди"
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
 Кан басымыңыз көтөрүлсө
Кан басымыңыз көтөрүлсө
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди