“GetContact” телефон номерлерди уурдайбы?

“GetContact” телефон номерлерди уурдайбы?
1-Март 2018, Бейшемби, 10:43

Азыркы учурда популярдуу болуп жаткан программа телефон номерлерди кылмыштык максатта пайдаланууга даректерди жыйнашы мүмкүн.

“GetContact” тиркемеси - бул сиздин атыңыз башкалардын телефонунда кандай ат менен сакталганын текшерүүгө мүмкүндүк берет. Көптөгөн интернет колдонучуулардын пикири боюнча бул кооптуу.

Тиркеменин жардамы менен абонент колдонуучулардын телефон китепчелеринде кандай жазылганын көрө аласыз. Акыркы күндөрү бул колдонуучулар тарабынан флэш-мобго айланууда. Анда алар башкаларда кандай сакталгандыгын тартып алышып социалдык тармактарда бөлүшүүдө. Эксперттердин билдирүүсү боюнча, бул кооптуу жана мыйзамга туура келбейт.

Себеби, контактар тизмесин башкалар менен бөлүшкөндө, байкоосуздан сиз досторуңуз менен тааныштарыңызды коомдук маалымат базасына кошосуз. Базадагы номерлерди кылмыштык максатта пайдалануу үчүн үчүнчү тараптар сатышы мүмкүн. Ошол себептен “GetContact” тиркемеси Казакстан аймагында колдонууга тыюу салынган.

Эксперттер, бул сыяктуу тиркемеден айланып өтүүңүздөгө кеңеш беришет. Ал эми эгер көчүрүп алган болсоңуз жеке даректерди өчүрүп салууңуз керек. Ал үчүн “GetContact” веб-сайтына кирип, номерди базадан өчүрүп салуусун сураңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР