Келечектин жыйнактуу үйлөрү дүйнөнү таң калтырууда (видео)

Келечектин жыйнактуу үйлөрү дүйнөнү таң калтырууда (видео)
20-Июль 2018, Жума, 14:04

Социалдык тармактарда келечектин жыйнактуу үйлөрү тартылган видеоролик кенен тарап жатат.

Үйдүн өзгөчөлүгү аны сатып алууга бир жолу гана каржы жумшап, кийин каалаган жерге орнотуп алууга болот. Албетте, көпчүлүгүбүз өзүбүз көнүп калган үйүбүздү сатууга кыйбайбыз. Ошого байланыштуу жакында бул көйгөй өз чечимин тапканы жаткан сыяктуу.

Тактап айтканда, жумуш сапары менен же башка да жагдайларга байланыштуу конушту көчүрүү керек болсо, эч кыйналбастан үй ичиндеги эмеректерди сыртка чыгарып, керектүү баскычты бассаңыз гана болду. Андан ары аны көчүрүүдө эч кыйындык жок. Себеби үйдү ар түрдүү жүк ташуучу унаага сүйрөтүп кетсе болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!