Кандай диван тандаш керек?

Кандай диван тандаш керек?
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 14:36

Эч бир эмерек ыңгайлуу, жумшак жана кенен диванга жетпейт. Дал ушул эмерекке биринчи кезекте коноктор отурушат, анда үйдүн кожоюндары чарчап келип эс алышат, диванда үй-бүлө мүчөлөрү сүйүктүү сериалын көрүшөт эмеспи.

Базардагы сунуштардын кеңири спектри - белгилүү бир плюс. Түз, бурчтуу, модулдук – дивандардын ар түрдүү моделдери баасына жана тартибине жана башка артыкчылыгына жараша айырмаланат. Түрдүү түстөр, түрдүү формадагы жана дизайнерлердин колунан чыккан дивандарды да кездештирүүгө болот. Бирок ушунча дивандын арасында кардарды эмне кызыктырат жана эмнеге көңүл бөлүшөт?

Тематикалык дүкөндөрдө сатып алуучулар дароо баасына жана эмеректин кандай материал менен жабдылганына карашат. Жана аларды түшүнсө болот. Себеби жабдылган материал — эң негизги фактор. Ал көпчүлүк эмеректин мүнөздөмөсүнө таасир берет. Ошого байланыштуу дивандын сырткы көрүнүшү, стили, кызмат кылуу убактысы жана жууп, тазалоосу көз каранды.

Диван жасап чыгаруудагы эң белгилүү материалдарга көз чаптырып көрсөк. Алгач эле кымбат, баалуу жана эскирбеген классикалуу — табигый териден баштасак. Тери диван (кожанный диван)- бөлмөнүн эң негизги предметти жана ал өзүнө көңүлдү буруп турат. Тери ар кандай интерьерге төп келет, бирок эч кандай плед, жабууларды жактырбайт. Жакшы сапаттагы тери диван ондогон жылдар бою кызмат кылып келе берет. Албетте мындай дивандардын баасы да жогору болот, бирок көп жылдар бою сиздин кызматыңызда болот.

Жаккард менен капталган диван ворстун жоктугу жана татаал токулган жиптери менен айырмаланат. Бул өтө калың жана көп убакытка чейин чыдаган материал. Көпчүлүк кардарлар жаккардды тандашат, анткени ал териден аййырмаланып эч кандай күтүмдү талап кылбайт. Мындан сырткары, жаккард түрдүү өңдөрдө сунушталат.

Эң көп тараган жана өтө кымбат эмес материал — бул флок. Ал кездеме менен синтетикалык кошулмалардан жасалат. Жыйынтыгында кармаганда жумшак, чыдамдуу, жөнөкөй жана универсалдуу материал пайда болот. Эгер диванды активдүү колдонууга ала турган болсоңуз, флок оптималдуу вариант боло алат.

Акыркы убактарда көп колдонулуп келе жаткан материал — микрофибра — өтө көп күтүмдү кажет кылбаган, тыгыз токулган материал. Микрофибра көп убактка чейин чыдайт жана түстөрдүн ассортименти өтө эле көп. Кымбат баалуу материалдардан айырмаланып (тери же гобелен) микрофибра күн сайын колдонууга арналган. Ошондой эле, дивандар жибектен, велюрдан, плюшевкадан, рогожкадан, скотчарддан, парчадан жана жасалма жүндөн да жасалат.

Сатып алуучулар кездеменин капталуусу жумшак эмеректин баасына байланыштуу экенин билишет. Ал эми кездемени тандоо анын сырткы көрүнүшү, колдонуу мөөнөтү жана сапатына байланыштуу. Ошондуктан кездеменин жакшысын диванга гана эмес, отургучтарды, отургуч-кап, банкет, софа жана башка эмректерди аларда да көңүл буруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)